Connect with us

Путин Кара деңиз флотунун башчысын кызматтан алганы айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 601 | 0

Орусиялык басылмалардын маалыматына ылайык, Орусия президенти Владимир Путин Кара деңиз флотунун командирин кызматтан алган. Бул Орусия Украинанын аймагына кол салгандан бери эң ири отставка болуп саналат.

Крымдагы Севастополь шаарында жайгашкан флоттун баш штабын 2014-жылы Орусия ээлеп алган. Аталган флоттун командирлигине Игор Осипов 2019-жылы дайындалган болчу. Бирок быйыл апрелде дүйнөдөгү эң ири аскердик «Москва» крейсери Украина тарабынан чөктүрүлгөндөн кийин флот башчысы Осипов коомчулук алдына чыкпай калган.

Соңку маалыматтар боюнча Игорь Осиповдун ордуна вице-адмирал Виктор Соколов дайындалган. «РИА Новостинин» жеке булактары маалымдагандай, Виктор Соколов деңиз аскерлерине командир катары тааныштырылган. Бирок расмий маалымат чыккан эмес. Эксперттердин айтымында, мындай аскердик дайындоолор жалпыга маалымдалбайт.

Ал эми кызматтан алынды делген Осиповдун учурда кайда экени азыркыга чейин белгисиз. Британия чалгындоо кызматы аны май айында кызматтан алынган деп айтып чыккан. Украиналык басылмалар Осиповду орус бийлиги камакка алганын жазып чыккан. Осипов 9-майда Севастополдо өткөн аскерий парадда да көрүнгөн эмес.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM