Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш кечээ, 17-августта Украинанын Львов шаарына келди. Бул тууралуу баш катчынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик маалымдады.
Анын маалыматында, Гутерреш Украина президенти Владимир Зеленский жана Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту. Жолугушууда Украинадагы согуштун айынан үйүн таштап кетүүгө мажбур болгон качкындар, тамак-аш коопсуздугу жана гуманитардык жардам берүү жолдору талкууланды.
БУУ баш катчысы жума күнү Украинанын Одесса шаарына барат. Ал эми ишемби күнү Түркиянын Стамбул шаарын зыярат кылары күтүлүүдө.
Журналисттердин баш катчынын Москвага сапары тууралуу суроосуна, расмий өкүлү Стефан Дюжаррик «Орусияга барууну азырынча пландаган эмес», -деп жооп берген.
Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Эрдоган кечээ, 17-августта Украинага иш сапары менен барган.