Биз менен байланышыңыз

Мухаммед ибн Салман Ыйык Каабанын ичин өзү жууп чыкты (фото, видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 1575 | 0

Сауд Арабия падышачылыгынын мураскор шахзаадасы Мухаммед ибн Салман Ыйык Каабаны зыярат кылып, анын ичин өзү жууп чыкты. 37 жаштагы шахзаада иш-чарага атасы Салман ибн Абдул Азиз аль Сауддун ордуна катышты.

Мухаммед ибн Салман тазалык иш-чарасы башталардан мурун Каабага сыйынды. Алгач Каабанын сыртында, кийин ичинде намаз окуду. Андан соң, аны менен чогуу келген спорт министри Абдулазиз ибн Туркий ал Файсал жана эки ыйык мечит иштери боюнча башкармалыктын башчысы Шейх Абдурахман Судаис менен биргеликте Ислам ааламынын кыбыласы болгон Каабанын ичин жууп чыкты.

Адатта Каабанын ичин Сауд падышасы жана анын эки өкүлү жууп чыгышат. Бул жолу падышанын ордуна уулу Мухаммед ибн Салман катышты. Ал эми жалпы мечитти тазалоо иштерине Сауд Арабиядагы мусулман өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да кол кабыш кылышты.

Фото: twitter.com
Фото: twitter.com
Фото: twitter.com

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM