Биз менен байланышыңыз

Эртең Режеп Тайып Эрдоган Украинага барат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 335 | 0

Эртең, 18-августта Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чакыруусу менен Львовго бир күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу түркиялык CNN Turk басылмасы мамлекет башчынын байланыш бөлүмүнүн билдирүүсүнө таянып жазды.

Президенттин байланыш бөлүмүнүн билдирүүсүнө караганда, Эрдоган украиналык кесиптеши менен Түркия-Украина карым-катнаштарынын бардык жактарын карашат.

Сапардын алкагында Украинанын президенти Зеленский менен БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда үч тараптуу жолугушуусу да пландалууда.

Бул жолугушууда Украинадагы согуштук аракеттерди дипломатия жолу менен токтотуу үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланат жана украин данын дүйнөлүк базарларга экспорттоо үчүн түзүлгөн механизм өнүктүрөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM