Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда XIX кылымга таандык колдо жазылган Куран китеби уурдалды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 371 | 0

Өзбекстандын Наманган облусундагы тарыхий күмбөздөрдүн бириндеги колдо жазылган Куран китебинин көчүрмөсүн уурдап кетишти. Бул тууралуу Өзбекстандын ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирген.

Окуя 9-августтан 10-августка караган түнү «Султан Увайс Караний» күмбөзүндө болгон. Анда белгисиз адамдар колдо жазылган Куран китебинин экземплярын уурдап кеткен. Учурда укук коргоо органдары бул иш боюнча «уурулук» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Жоголгон Ыйык Курандын экземпляры жибектен даярдалып, бардык аяттар колдо жазылып, 1874-жылы жазылып бүткөн. Китептин бийиктиги 74 см, кеңдиги 51 см ал эми калыңдыгы 12 см болгон. 426 беттен турган китептин ар бир бетинде 13 катар жазуу болгон.

Бул кол жазма 1995-жылга чейин Кыргызстандын Өзгөн шаарында имам болгон Эшанхан Окиловдун үйүндө сакталган. 1995-жылы Наманган облусунун тургуну Камолхан Мухиддинов аны Өзбекстанга алып кеткен. 2017-2019-жылдары «Султан Увайс Караний» күмбөзү реставрацияланып, кол жазма да музей бөлүгүнө коюлган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM