Биз менен байланышыңыз

Британия энергетикалык коопсуздук үчүн эң ири газ кампасын кайра ачат

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 350 | 0

Улуу Британия эң ири газ кампасын кайрадан ачып, аны толтуруп, тез арада кыш үчүн камылга көрүп баштайт. Бул тууралуу Британиянын The Daily Telegraph басылмасы жазды.

British Gas компаниясынын ээси Centrica энергетика компаниясы сентябрь айынын башында Rough кампасына жаратылыш газын толтуруп баштайт. Опеарторлор Эмгек жана техникалык коопсуздук башкармалыгынын уруксатын алган.

Газ менен толтуруу иштерин эки жума ичинде башталат. Аталган газ кампасы 2017-жылдан бери колдонулбай турган.  Centrica Rough кампасынын жарактуу мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу ага газ толтуруу кооптуу деп жыйынтык чыгарган болчу. Бирок өлкөнүн Энергетика жана өндүрүштүк стратегия министри Квази Квартенг энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн аталган газ кампасын иштетүүнү сунуштаган.

Rough кампасы буга чейин 3,4 млрд кубометр газды сактаганга күчү жеткен. Быйыл айрым бөлүктөрүн оңдоп-түзөөдөн өткөргөн соң, кыш мезгили үчүн 800 млн кубометр газ толтурулат, — деп билдирген Centrica компаниясы.

Эл аралык энергетика агенттигинин жетекчиси Фатих Бирол 22-июнда Европада келе жаткан кыш мезгилинде Орусия газын толук токтотуп кое турган болсо, бардык шартка даяр туруу керектигин эскерткен.  Ал Орусиянын бул аракетин экономикалык басым катары баалаган.

Белгилей кетсек, Орусия быйыл Европага экспорттогон газдын көлөмүн кыскарткан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM