Роман Петров Ислам шериктештиги оюндарында фехтование боюнча жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Финалдык оюнда Роман Петров азербайжандык спортчу менен беттешип, атаандашын 12:15 эсебинде жеңип алды. Ошентип улуттук курама команданын эсеби дагы бир алтын медаль менен толукталды.
Эске салсак, Ислам шериктештиги оюндары быйыл Туркияда өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерге катышып келе жатат.