Биз менен байланышыңыз

Орусия 2021-жылы 14,6 млрд долларга курал саткан

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 321 | 0

2021-жылы Орусия «курал жеткирип берүү планын» толук аткарган. Бул тууралуу Орусиянын аскердий техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматтын жетекчиси Дмитрий Шугаев маалымдаган.

«Жылдык план толук аткарылды, чет элдик өнөктөштөрүбүзгө 14,6 млрд долларлык курал жана аскердик техникалар жеткирилди», — деп билдирген Шугаев.

Анын айтымында, соңку 10 жылда Орусия жылына 14-15 млрд долларлык курал сатууда.

Орусиянын курал-жарагы эң көп Сирия, Египет, Индия, Кытай, Алжир жана Казакстанга экспорттолгон.

2017–2021-жылдар аралыгында Орусия курал экспорту боюнча дүйнөдөгү экинчи орунду ээлеп  келет. Бул дүйнөлүк курал-жарак рыногунун 19%ын камтыйт. Ал эми курал экспорту боюнча биринчи орунда АКШ (39%) турат. Үчүнчүдө Франция (11%), төртүнчү орунда Кытай (4,6%), бешинчи орунда Германия (4,5%).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM