Биз менен байланышыңыз

Казакстанда Борбор Азиядагы эң чоң мечит ачылды (фото)

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Авг 2022 | 960 | 0

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев борбор калаада Орто Азиядагы эң чоң мечиттин ачылышына катышты.

Аталган мечиттин расмий ачылышы кечээ, 12-августта болуп өттү. Аянты 10 гектардан ашык болгон бул мечит Орто Азиядагы эң чоң мечитке айланды. Ачылуу аземинде Нурсултан Назарбаев сөз сүйлөп, өзүнүн мусулмандык парздарынын бири катары бул мечитти салдырганын айтты.

«Мечиттин капсуласын мен президенттик кызматымды тапшыраардан бир күн мурун өзүм салганмын. Мен мусулмандык парзым катары мечит салууну демилгелеп, курулушуна жалаң жеке инвесторлор көмөк көрсөттү. Мамлекеттик казынадан бул мечитке эч кандай каражат алынган жок», — деп кошумчалады Назарбаев.

Нур-Султан шаарына салынган бул мечит дүйнөдөгү ири сыйынуучу жайлардын катарын толуктап, 10 га жерге салынган. Жалпы аянты 68 062 чарчы метр. Мечиттин төрт минарети болуп, ар биринин узундугу 130 метр. Ошондой эле мечиттин ичинде унаа токтотуучу жайы, илимий-конференциялык залы, окуучулар үчүн сабак бөлмөлөрү, нике кыюу үчүн атайын кабыл алуучу жайы, телестудия, соода дүкөнү жана музейи да бар. Мечитте бир убакта 235 000 адам намаз окуй алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM