Бүгүн, 11-август түшкү саат 14:00 чамасында «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги барышкан.
Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, УКМКнын кызматкерлери да келишкен.
Учурда тиешелүү издөө жана тактоо иш-чаралары жүрүп жатат, чоо-жайы кийинчерээк жарыяланат.
Айрым маалыматтарга караганда унаа токтотуучу жайдан граната табылган. Учурда УКМКнын тиешелүү кызматкерлери иштеп жатат.