Connect with us

«Манас» аэропортунун директору өлкөдөгү 23 авиакомпаниянын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыска кабар | 11 Авг 2022 | 378 | 0

«Манас» эларалык аэропортунун Башкармалыгынын төрагасы ата мекендик жана чет өлкөлүк авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы жарыялады.

«Манас» эл аралык аэропортунун башкы директору Манасбек Самидинов 9-10 август күндөрү Кыргызстанда ишмердүүлүгүн алып барган авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууга «Авиа Траффик Компани», «Тез Джет», «Эйр Манас», «Аэро Номад Эйрлайнс», «АэроСтан», «Моалем Эвиейшн»,  «САПСАН», «Хунну Эйр», «Северный Ветер», «Аэрофлот», «Түрк авиакомпаниялары Инк», «Өзбекавиакаттамдар», «Сибирь», «Эйр Астана», «Уралавиакаттамдары», Air Arabia, Silk Way Airlines/ Silk Way West Airlines, Jazeera Airways K.S.C.P., China Southern Airlines, Fly Dubai, Pegasus Airlines, S7 Airlines, Nordwind авиакомпанияларынын өкүлдөрү чакырылган.

Жолугушуу учурунда өндүрүштүк жана коммерциялык сууролорго көңүл бурулуп, кызматташтыкты кеңейтүү пландары талкууланды.

Эскерте кетсек, «Манас» эл аралык аэропортун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) тышкы башкарууга берүү боюнча ачык сынакты сентябрда өткөрүү пландалууда. Азырынча ага Германия менен Түштүк Корея кызыкдарлыгын билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM