Түштүк Кореянын борбору Сеул шаары жана анын айланасы катуу жаан-чачындын айынан суу астында калды. 8-август күнү башталган мындай жаанчыл аба-ырайы Сеулда соңку 80 жылда каттала элек болчу.
Адистердин айтуусунда Сеулга бир түндө 422 миллиметр жаан жааган. Бул бир айлык нормадан да көбүрөөк. Учурда жаратылыш кырсыгынан 9 киши каза болуп, 7 киши дайынсыз болууда.
2600дөй турак-жай суу астында калган. Сеулдун өзүндө 570, айланасында 1200 жаран убактылуу баш калкалоочу жайга жайгаштырылган. Түштүк Корея президенти Юн Сок Ел өкмөттүн атынан жаандан жабыркаган жарандардан кечирим сурады.