Биз менен байланышыңыз

Германияда медайым болуп иштөөгө 300 жаран барат

Кыска кабар | 11 Авг 2022 | 1165 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 300 кыргызстандык «медайымдык иш» адистиги боюнча мыйзамдуу ишке орношуу үчүн Германияга барат. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев билдирди.

Министрдин айтымында, келишимдин негизинде мыйзамдуу жумуш мөөнөтү бүткөндөн кийин алар Кыргызстанга жаңы билим жана жаңы тажрыйба алып келишет.

Эске салсак, Германиянын Федералдык Эмгек агенттиги менен Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги ушул жылдын сентябрь айында эки өлкө ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол кое тургандыктары күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM