Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» кенин иштетүүдөгү техникалык коопсуздугу текшерилет

Кыска кабар | 11 Авг 2022 | 202 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын комиссиясы «Кумтөр» кенине барып,  «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын бир катар кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу  ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кен иштеткен ишкананын жарандык коргонууга даярдыгы текшерилип, бааланарын билдирди.

Ал алтын кенин өндүргөн объектте болуп, өрт коопсуздук эрежелерин, материалдык техникалык жабдууларын, химиялык элементтер менен иштөө, техникалык коопсуздугу текшерилип, табигый жана техногендик кырсыктар катталган учурда алгачкы иш-чараларды жүргүзүүгө даярдыгы текшериле тургандыгын айтты.

Жарандык коргонууга даярдыгын баалоонун негизги максаты – кенчилердин коопсуздугу, өндүрүш процесстери жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, өрт кырсыгы чыкканда колдонулуучу техникалардын, шаймандарынын көрүнөө жерде жайгашуусу жана даярдыгы, өрт өчүрүүчү жабдыкты колдоно билүү жана башка коопсуздук эрежелериинин сакталуусу текшерилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM