Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги №61 мектептин директору үй камагына чыкты

Кыска кабар | 11 Авг 2022 | 304 | 0

Бишкектеги белгилүү физика-математикалык №61 мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский үй камагына чыкты. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Эске салсак, Юрий Низовский коррупцияга шектелип 9-авгутта УКМК кызматкерлери тарабынан  кармалган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Низовский тарабынан түзүлгөн туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Ал окуучулардын ата-энелеринен акча түрүндө сыйлык алып келген. Мүлктөрүн жашыруу максатында өзүнүн жакындарына жана ишенимдүү адамдарга мыйзамсыз мүлкүн берген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын өзүнүн жана туугандарынын атына катталган 150 млн сомдук 35 мүлкү аныкталган.

Ошондой эле анын жашаган батирине, жумуш ордуна жана дачасына тинтүү жүргүзүлүп, чет өлкө валютасындагы өзгөчө чоң суммадагы акчалар табылган.

1991-жылдан бери директор болуп иштеп келе жаткан Низовский Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM