Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 11 Авг 2022 | 195 | 0

Бүгүн, 11-август таңкы саат 03:33тө Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга, Тосор айылдарында жана Тоң районунун Каджы-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM