Биз менен байланышыңыз

Данияр Жаныкулов Ош облусунун башчысынын биринчи орун басары болду

Кыска кабар | 10 Авг 2022 | 322 | 0

Данияр Жаныкулов Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу өкүлчулүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул кызматта буга чейин иштеген Бактыбек Алайчиев өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Данияр Жаныкулов буга чейин Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп эмгектенип келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM