Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда 98 мектептин директору алмашат

Кыска кабар | 10 Авг 2022 | 147 | 0

Эртең, 11-августта Баткен облусунда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Баткен мамлекеттик университетинде бардык техникалык даярдык иштери аткарылып, ноутбуктар коюлду.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда 98 ваканттык орун бар.

Процесстин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу үчүн көз карандысыз коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө байкоо жүргүзүү жана телеканалдардын катышуусу менен социалдык тармактарда компьютердик тестирлөөнү түз алып көрсөтүү каралган.

Конкурска байланыштуу суроолор боюнча төмөндөгү номерлерге кайрылууга болот: 0(505) 110 108, 0(556) 110 107, 0(755) 112 237, 0(778) 112 238.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM