Биз менен байланышыңыз

35 жаштагы Эрнис Толтоев Ош облусунун башчысынын орун басары болду

Кыска кабар | 10 Авг 2022 | 1085 | 0

Эрнис Толтоев Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 10-августта ал жамаатка тааныштырылды.

Эрнист Толтоев 1986-жылы 15-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылында туулган. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетин «Электроника жана микроэлектроника» бөлүмүн аяктаган.

Ал Ош облусунун губернаторунун жардамчысы, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы, айыл өкмөт башчы, Ош шаардык кеңешинин депутаты, премьер-министрдин жардамчысы жана 2017-жылы мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM