Биз менен байланышыңыз

Ош улуттук драма театрына жаңы жетекчи дайындалды

Кыска кабар | 10 Авг 2022 | 376 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын директору болуп Керимбек Калыкулов дайындалды.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ош улуттук драма театрынын эмгек жамаатына Керимбек Калыкуловду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.

Калыкулов буга чейин ОшМУнун «Нур» гезитинде радактор, «Үмүт» телестудиясынын жетекчиси, Ош шаардык «Ош шамы» гезитинде башкы редактор, ЭлТР, ОшТВ телеканалдарында башкы директор болуп эмгектенген.

2021-жылдын 5-октябрынан Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчилик кызматын аркалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM