Бүгүн, 10-август Ислам шериктештиги оюнундарынын алкагында таэквондо, эркин күрөш, жеңил атлетика, стол тенниси боюнча беттештер өтөт.
Таэквондо боюнча саат 12:30да, 63 кг салмакта Элдар Курманалиев катышт. Эркин күрөш боюнча саат 14:30-23:30га чейин күрөш болуп,ага төмөнкү спортчулар катышат.
- 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков;
- 65 кг салмакта Икромжон Хаджимурадов;
- 74 кг салмакта Жапаркулов Адилет;
- 86 кг салмакта Карыпбаев Нуртилек;
- 97 кг салмакта Байсал Кубатов.
Стол тенниси боюнча Кыргызстандын курама командасы командалык беттеште Ливан менен ойнойт.
Эске салсак, 10-18-август күндөрү Түркиянын Конья шаарында Ислам шериктештиги оюндары өтөт. Ага жалпы 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышып, 483 медаль ойнотулат. Аталган мелдешке Кыргызстандан 158 спортчу, спорттун 16 түрүнөн катышат.