Биз менен байланышыңыз

Чикаго шаарында Кыргызстандын консулдугу ачылды

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 373 | 0

Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарында Кыргызстандын консулдугу ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги маалымдады.

Маалыматта президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Чикаго шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылгандыгы айтылат.

Башкы консулдук ушул жылдын 8-августунан тарта толук кандуу иштей баштады. АКШда жашап жана иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары бардык консулдук кызматтарды алууга Башкы консулдукка кайрыла алышат (жарандык жана ички паспортторду жаңыртуу, нотариалдык иш-аракеттер, Мекенине кайтуу күбөлүгүн ж.б.).

Дареги:

100 N LaSalle Str., Chicago, IL, 60602, Suite 1610

Байланыш телефон номерлери:

Башкы консулдук: 312 994 2416

Өзгөчө кырдаалдарда чалуучу телефон номери: 312 929 3442

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM