Биз менен байланышыңыз

Түркия «Байрактарды» Украинада өндүрүп баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 623 | 0

Түркиялык Baykar компаниясы Украинанын аймагында «Байрактар» согуштук дрондорун чыгарган завод курат. Бул тууралуу Украинанын Түркиядагы элчиси Василий Боднар билдирүү жасаган.

Дипломаттын айтымында, Baykar учурда украин аймагында компания түзүп, курулуш үчүн жер участогун да алган.  «Байрактарды» чыгарууга украиналык компаниялар да кол кабыш кылат.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин Baykar компаниясы менен кызматташуу жолун издеп жатканын айткан. Бирок, кийинчерээк Түркиянын коргоо министрлиги учкучсуз учактар боюнча Орусия менен эч кандай кызматташтык маселеси каралбаганын билдирген.

Ал эми Baykar компаниясынын аткаруучу директору Халук Байрактар CNNге берген маегинде Украинанын эгемендүүлүк үчүн күрөшүн колдой турганын жана учкучсуз башкарылган учактарды Орусияга сатууга эч качан жол бербестигин айткан болчу.

Түркиянын өндүрүшүнө таандык бул дрондорду украин армиясы 2021-жылдан бери колдонуп келүүдө. Ал эми орус-украин согушу башталгандан кийин расмий Москва Түркиянын Украинага дрондорду сатуусуна нааразычылык билдирген. Андан көп өтпөй, Түркия «Байрактардын» Киевге сатылуусу боюнча маалыматты жашыруун негизге өткөргөн.

Baykar компаниясы Түркияда согуштук учкучсуз аппараттарды өндүргөн жеке менчик ишкана. Анын ээлеринин бири жана техникалык директору Сельчук Байрактар түрк президентинин күйөө баласы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM