Connect with us

Акылай Байматова «Манас» үчилтигин англис тилине которду

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 938 | 0

«Манас» үчилтиги англис тилине которулду. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Бектемир Төлөн жарыялады.

Анын айтымында Мар Байжиевдин хрестоматиялык варианты боюнча «Манас» үчилтигин англис тилине бир топ жылдан бери Америкада жашап, иштеп жүргөн кыргызстандык Акылай Байматова которгон.

Китептин бет ачары 9-августта Улуттук китепканада өтөт.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, АКШнын Кыргызстандагы элчиси жана башкалар катыша тургандыгы күтүлүүдө.

«Китептин ачылышына кирүү акысыз.

Copyright © 2017 Maral FM