Биз менен байланышыңыз

Pfizer вакцинасынын 100 миң дозасы келди

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 286 | 0

Кыргызстанга COVAX механизминин алкагында Pfizer вакцинасынын 100 миң дозасы келди. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Маалыматка караганда, вакцинанын эриткичи белгисиз себептерден улам келген эмес. Учурда себебин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Pfizer–BioNTech вакцинасы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган жана натыйжалуулугу 95%ды түзөт. Коргоочу таасири биринчи дозаны алгандан кийин 12 күндөн соң иштей баштайт, бирок толук коргоону камсыз кылуу үчүн эки доза менен эмдөө талап кылынат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM