Биз менен байланышыңыз

УКМК: Мамлекеттик нотариус үч миң доллар пара алып кармалды

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 264 | 0

Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу У.С.С. аттуу жаран пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Жалал-Абад областык башкы башкармалыгында катталган кылмыш ишинин алкагында, кыймылсыз мүлккө (батирге) мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында мамлекеттик нотариус Орусиянын жаранынан 3 миң доллары өлчөмүндө акча талап кылган.

5-августта жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик нотариусу 250 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалгна.

Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, ал кылмыш жасоого шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM