Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте Аксакалдар кеңешинин жыйыны өтөт

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 521 | 0

Бүгүн, 8-августта Бишкектеги «Орион» мейманканасында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун Аксакалдар кеңеши 13-жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жыйналышка Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын аксакалдары катышат.

Ага Кыргызстандын атынан легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов катышат.

Эске салсак, ушул жылдын февралында Түркиянын Стамбул шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин 12-жыйыны болуп өткөн.

Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешине Кыргызстандын атынан Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, Кыргызстандын Түркиядагы жана Ирандагы мурдагы элчиси Медеткан Шеримкулов дайындалган.

Азербайжан Аксакал кызматына көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, тажрыйбалуу дипломат, экс-премьер-министр, мурдагы тышкы иштер министри Гасан Гасановду көрсөткөн.

Казакстандан Аксакал катары Казакстандын парламентинин сенатынын сенаторлор кеңешинин мүчөсү, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Икрам Адырбек дайындалган.

Өзбекстан тарабынан Аксакал кызмат ордуна Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Жаштар, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Бахтиёр Сайфуллаев сунушталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM