Биз менен байланышыңыз

Бир жумада коронавирустун жаңы 895 учуру катталды

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 469 | 0

Кыргызстанда акыркы бир жумада (1-августтан 7-августка чейин) коронавирустун жаңы 895 учуру катталды.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, июнь айынын аягынан тарта республикада оорунун күчөшү же бешинчи толкуну башталды. Коронавирустун бешинчи толкуну учурунда каза болгондор катталган эмес.

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус боюнча күнүмдүк статистиканы берүүнү токтотуп, бир жумалык маалымат менен бөлүшүүдө. Ошол эле учурда өлкөдө COVID боюнча абал туруктуу деп бааланууда.

Copyright © 2017 Maral FM