Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтөт

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 440 | 0

Бүгүн, 8-августта Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болот. Соттук отурумга Кой-Таш окуясында жабыркагандар да катышат. Бул тууралуу «Социал-демократтар» саясий партиясынан билдиришти.

Партиянын айтымында, сот үч жылдан бери уланып келе жатат, бирок эч кандай жылыш болгон эмес. Ошондой эле аталган иш боюнча камактагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарылануусу зарыл экендигин айтып келишет.

Сотко каалоочулардын баары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катыша алат.

Соттук отурум саат 14:00дө башталат.

Эске салсак, 2019-жылы 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM