Биз менен байланышыңыз

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 607 | 0

Бүгүн, 8-августта Кыргызстанга UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбик келди. Бул тууралуу EFC турниринин уюштуруучулары билдирди.

Хабиб Нурмагомедов менен бирге Орусиялык мушкер Шамиль Завуров жана орусиялык белгилүү блогер Хасбулла Магомедов келди. Алар 10-августта аралаш мушташ боюнча Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын мелдешине атайын конок катары катышат. Ал аталган уюмдун президенти болуп эсептелет.

Маалым болгондой, турнирде 14 беттеш орун алып, анда кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен орусиялык Расул Магомедовдун беттеши болмокчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM