Биз менен байланышыңыз

Бир жумада 245 адам мас абалында унаа башкарган

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 220 | 0

Акыркы жумада республикада 16 миң 903 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддик иш-чаралардын негизинде бир жумада жумада төмөнкүдөй жол эрежесин бузуу аныкталды:

  •  транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3404;
  • транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 187;
  • транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5815;
  • транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 18;
  • Автоээнбаштык – 10;
  • жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1177;
  • ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 37;
  • жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5096;
  • айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 10;
  • мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 245;
  • унаа токтотуучу жайга коюлду – 795.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM