Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан «Аль-Каидага» байланыштуу маалыматка үн катты

Кыска кабар | 7 Авг 2022 | 282 | 0

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги «Аль-Каиданын» башчысы Айман ал-Завахири Бишкектин жанындагы Ганси авиабазасынан учурулган пилотсуз учактан өлтүрүлгөн деген маалыматты четке какты.

Эске салсак, пакистандык англис тилдүү Dawn басылмасы Кабулда «Аль-Каиданын» лидери Айман ал-Завахирини өлтүргөн аскердик учкучсуз учак Кыргызстандын аймагынан чыгарылганын жазган. Ошол эле маалда басылма америкалык ЖМКларга таянган, бирок кайсы булак экени так көрсөтүлгөн эмес.

2014-жылы «Манас» эл аралык аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору өз ишин токтоткон. Борбордун расмий жабылыш аземи 2014-жылдын 3-июнунда өтүп, ал эми ошол жылы Кыргызстан менен АКШнын  ортосундагы “Манас” ТСБнын ишмердүүлүгү боюнча эки тараптуу келишим күчүн жоготкон. 

«Учурда «Манас» аэропортунун аймагында америкалык же башка чет элдик аскер кызматкерлери жок жана эч кандай иш-аракеттерди жүргүзүшпөйт. Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган», — деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM