Биз менен байланышыңыз

ТИМ жарым жылдык жыйынтыгын чыгарды

Кыска кабар | 6 Авг 2022 | 221 | 0

Бүгүн, 6-августда Тышкы иштер министрлигинде дипломатиялык кызматтын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Анда министр Жээнбек Кулубаев ТИМдин коллегиясы жөнүндө жаңы жобо иштелип чыгып, бекитилгендигин жана ага Коллегиянын форматы жана иш мүнөзү боюнча жыйынтыктуулукту жана натыйжалуулукту жогорулатууга багытталган принципиалдуу өзгөртүүлөр киргизилгендигин айтты.

Жыйында ТИМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери отчеттук мезгилде аткарылган иштер тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле Кулубаев ушул жылдын экинчи жарым жылдыгына биринчи кезектеги тышкы саясий милдеттерди белгиледи. Экономикалык дипломатияны күчөтүү, өлкөгө чет элдик инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү, ата-мекендик экспортту жана туристтик потенциалды илгерилетүү кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү зарылдыгын атты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM