Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлгө чөккөн 4 жашар кыз табыла элек. Издөө уланууда

Кыска кабар | 6 Авг 2022 | 433 | 0

Бүгүн, 6-августта Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөөгө 56 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, издөө иштерине Ысык-Көл облусунун айыл өкмөт кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, куткаруучулар, суучулдар жана башка адистер тартылган.

Издөөгө ӨКМдин суучулдар кызматынан 10 суучул, Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Түп районунун аймагында издөө иштерин жүргүзүүгө Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 куткаруучу, көл жээгинде издөө иштерин жүргүзүүгө Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу, Каракол шарында жайгашкан «Кой-Сары» аскер базасынан 8 киши , жалпы 56 куткаруучу тартылды.

Эскерте кетсек, буга чейин сууга чөккөн кыздын атасы кайдыгер карабаган жарандардын бардыгын кызын издөөгө жардам берүүгө чакырган.

18-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Аиша Нурдинова көлгө чөгүп кеткен. Издөө иштери жүрүп, бирок жыйынтык болбой келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM