Биз менен байланышыңыз

7-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 6 Авг 2022 | 376 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 7-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33;

Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM