Биз менен байланышыңыз

Чынбаева менен Базарбеков балдардын укуктарын коргоо маселесин талкуулашты

Кыска кабар | 4 Авг 2022 | 309 | 0

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар балдар үчүн сот адилеттигинин системасына (ювеналдык юстицияга) тиешелүү бир катар маанилүү маселелерди козгошту. Атап айтканда, 2007-жылдын 23-ноябрында Гаага сотунда кабыл алынган балдарга алиментти өндүрүү жана үй-бүлөнү багуунун башка формаларынын эл аралык тартиби жөнүндө Гаага конвенциясына Кыргызстандын кошулуусунун максатка ылайыктуулугу тууралуу маселе көтөрүлдү.

Бул Конвенция чет өлкөлөрдө балдарга алименттерди өндүрүү жана үй-бүлөнү колдоонун башка түрлөрүн натыйжалуу колдоого багытталган.

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева зомбулук, анын ичинде жашы жете элек балдарга карата сексуалдык зомбулук фактылары боюнча соттук практиканы изилдөө жана жалпылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Замирбек Базарбеков белгилегендей, соттук коргоо баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу жана артыкчылыктуу коргоону камсыз кылуунун маанилүү кепилдиктеринин бири.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM