Биз менен байланышыңыз

Президент Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин башкы катчысын кабыл алды

Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 216 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта Араб Булуңунун Кызматташтык Кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафты кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафтын өлкөгө биринчи сапары Кыргызстан менен Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин ортосундагы кызматташууга жакшы негиз түзөрүнө чоң түрткү болоруна ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлиги менен Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлушу менен куттуктап, бул келишим эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий маселелер боюнча кызматташууну жемиштүү талкуулоого бекем негиз болоруна ишенимин билдирди.

Наиф Фалах Мубарак аль-Хажраф өз кезегинде жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Араб Булуңундагы араб өлкө жетекчилеринин саламын жеткирди. Ал кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандуму тууралуу бул документ Кыргызстан менен кызматташтык кеңешинин күн тартибинде турган маселелер боюнча бардык тармактарда байланыштарды кеңейтүүгө түрткү болорун белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM