Биз менен байланышыңыз

Украинадан дан ташыган алгачкы кеме Стамбулга жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 638 | 0

Орусия Украинага кол салгандан бери алгачкы жолу украин портунан дан азыктарын жүктөгөн кеме 36 сааттан кийин Түркиянын жээктерине жетти. Анкаранын маалыматына караганда, украин дан азыктарынын экспортун кайра жандантуу тууралуу 22-июлда кол коюлган төрт тараптуу келишимге ылайык, орточо эсеп менен күн сайын украин портторунан бирден жүк ташыган кеме жөнөтүлүп турушу керек.

1-августта Одесса портунан чыккан Сьерра-Леоне мамлекетинде катталган Razoni аттуу кеме Ливанга 26 миң тонна жүгөрү алып баратат.

Бүгүн, 3-августта кемедеги жүктү орусиялыктардан, украиналыктардан жана БУУ менен Түркиянын өкүлдөрүнөн турган Стамбулдагы Биргелешкен координациялык борбордун делегациясы текшерет.

Украин данын дүйнөлүк базарга чыгаруу тууралуу экспорттук келишим азык-түлүк каатчылыгын жеңилдетүүгө багытталган.

Расмий Киев менен Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет катары сыпаттап келген. Москва мындай маалыматтарды четке кагып, жүк ташуучу кемелер деңиз жээктериндеги украин миналарынан улам чыга албай жатканын билдирген.​

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM