Биз менен байланышыңыз

Тайвандын биржасы Пелосинин сапарына байланыштуу төмөндөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 753 | 0

Тайвандын фондулук биржасы АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин визитине байланыштуу 2-августтагы сооданын жабылышына жакын төмөндөдү. Тайвань фондулук биржасынын негизги фондулук индекси болгон TAIEX (Taiwan Capitalization Weighted Stock Index) сайтынын маалыматына караганда, катталган бардык компанияларды камтыган TAIEX индекси жабылганда 1,56% жоготуу болгон.

Дүйнөдөгү эң ири чип чыгаруучу Taiwan Semiconductor Manufacturing Co (TSMC) компаниясынны акциялары Тайвандын фондулук биржасында дээрлик 2,4% жоготкон. Ошол эле учурда Нью-Йорк фондулук биржасында АКШда эртең мененки сааттарда баалуу кагаздар бир аз жогорулаган (+0,4%).

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин учагы кечээ кечинде Тайбэйдеги Суншан аэропортуна конду. Бул америкалык жогорку даражалуу аткаминердин Тайванга ондогон жылдардан берки биринчи сапары болуп калды. Пелоси Американын мамлекеттик башкаруу иерархиясында президент жана вице-президенттен кийинки үчүнчү адам болуп саналат.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин сапарын кескин айыптады.

Пекин Пелосинин Тайванга келиши Кытайдын принцибине, ошондой эле Кытай-Америка коммюникесинде бекитилген жоболорго каршы келет деп эсептөөдө.

Тайвань учурда формалдуу түрдө Кытай Эл Республикасынын аймагы болуп эсептелгени менен, алардын көзөмөлүндө эмес. Бул эзелтен келе жаткан саясий көйгөй. Кытай Тайванды 1912-жылы түптөлгөн Кытай Республикасынын жалгыз укуктуу «мураскери» катары көрөт. Тайвань бул көйгөйдү чечүү үчүн БУУга кайрылып, көз карандысыздыкты алууну көздөсө, ал эми Кытай Тайванга Гонконг сыяктуу атайын статус берүүгө макул экенин билдирген. Бирок макулдашуу азыркыга чейин боло элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM