Быйыл 126 тажикстандык жаран Улуу Британияга иштөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Тажикстандын Эмгек, миграция жана ишке орноштуруу министри Ширин Амонзода 26-июлдагы маалымат жыйынында билдиргенин Азия-плюс басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, дагы 200 адам британ визасын күтүп жатат. Улуу Британияда Тажикстандын жарандары негизинен күнөсканаларда сезондук жумуштарда иштешет.
Буга чейин британиялык компания тажик жарандарын сезондук жумушка чакырганы айтылат. Жумушка кетүү үчүн болжол менен 1000 адам кайрылган, бирок англис тилин билүү сынагынан 250 гана адам өткөн.
«Учурда тажик мигранттарынын 90% Орусияга, 5% Казакстанга иштөө үчүн кетишет» , — деп айтылат маалыматта.
Улуу Британияга баруу акысын каалагандар өздөрү төлөй турганы айтылат, ал үчүн 1-1,5 миң долларга чейин керектелет.