Биз менен байланышыңыз

Польша: Тынар Шаршенбеков алтын медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 25 Июл 2022 | 898 | 0

Кыргызстандык балбан, Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Тынар Шаршенбеков Польшада өткөн Poland Open-2023 эл аралык турниринде 63 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медаль утту.

Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Финалда Тынар Шаршенбеков ирандык Сам Далири Хоссейн менен кез келип, 3:1 эсебинде жеңишке жетти.

Тынар Шаршенбеков апрель айында Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн күрөш боюнча Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн 63 кг салмакта алтын медаль уткан.

Польшада өткөн Poland Open-2023 эл аралык турниринде мындан тышкары, кыргызстандык балбандар Айпери Медет кызы менен Жоламан Шаршенбеков күмүш медалды жеңип алышты.

Айпери Медет кызы финалда эстониялык балбанга утулуп калды. Жоламан Шаршенбеков алтын үчүн япониялык Кеничиро Фумита менен болгон беттеште жаракатынан улам килемге чыга алган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM