Биз менен байланышыңыз

Адис: Кыргызстанда көп, бирок маалыматтары аз

Кыска кабар , Чарбачыл | 21 Июл 2022 | 508 | 0

Кыргызстанда фермерлердин саны көп. Бирок алардын дыйканчылык кылуу тууралуу маалыматтары аз. Бул тууралуу «Бай дыйкан» айыл чарбаны колдоо борборунун өсүмдүктөрдү коргоо боюнча адиси Галина Ташиева «Маралдын» «Чарбачыл» программасында билдирди.

Ошол себептен көпчүлүк жер-жемиштер да ооруга чалдыгат. Аны дарылоонун, алдын алуунун жолун билүү керек. Өсүмдүктүн өзү да, үрөн да, тамыры да өзгөчө кам көрүүгө муктаж.

«Негизи ар бир өсүмдүктүн түрдүү оорулары, түрдүү зыянкечтер бар, анткени өсүмдүк — бул жандуу организм» , — деди ал.

Адистин айтымында, дыйкандар да талаа жумуштарын пландап, чыгаша-кирешесин аныктап, биргелешип иш алып баруусу маанилүү. Түшүмдүн мол болушу үчүн жер аянты же жер семирткич эле эмес, дыйкандын жетиштүү түрдө маалыматы болгону жакшы. Дыйкан оору пайда болгонго чейин талаа аянттарын да тазалашы керек.

«Бай дыйкан» компаниясы дыйкандарга тийиштүү маалыматтарды берүү боюнча аракет кылып келет.

Кыргызстанда жер-жемиштер, дан эгиндери кандай ооруга чалдыгат?

-Мисалы, бадыраң өсүмдүгү чалдыга турган кооптуу бир оору бар (ложная мучнистая роса) – аба ырайы сууктай баштаганда чалдыгат. Эгер бул оору бадыраңга жукса фермер эки күн ичинде түшүмүнөн ажырап калышы мүмкүн. Себеби баары кургап кетет.

Картошка өсүмдүгү — фитофтороз деген оору менен ооруп калышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө көпчүлүк дыйкандар кайрылып, талааларга чыгып текшерип жатабыз. Белгилей кетүүчү нерсе, бир жемиш ооруп кургап калса, ага көңүл бурбай койбоо керек, аны жок кылуу керек, ал вирустай болуп, бардык өсүмдүккө оору жугузат.

Дан эгиндери чалдыга турган оору бар (головня). Эгер дан өсүмдүктөрүнө бул илдет жукса анын үрөнүн дарылоо керек. Тазалап туруп, башка аянтка эгүү зарыл. Оору жуккан талаага болсо эгиндин башка түрүн себүү зарыл. Ошондо илдет түп тамырынан жок болот.

Өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык, химиялык препараттарды да колдонуу ыкмалары бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM