Биз менен байланышыңыз

Билим берүү тармагынын кызматкерлери PISA-2025 даярдоо мектебинен өтүшөт

Кыска кабар | 16 Июл 2022 | 1386 | 0

Кыргызстанда PISA-2025 изилдөөсүнө даярдануу боюнча жайкы мектеп өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, ага ведомствонун, билим берүүнү башкаруунун аймактык жана жергиликтүү органдарынын өкүлдөрү, педагогикалык ЖОЖдордун жана колледждердин кызматкерлери, мектеп предметтерин үйрөнүү жаатындагы адистер, ошондой эле математика, эне тили жана табигый-илимий предметтер боюнча 5-9-класстардын окуучулары үчүн окуу-методикалык материалдардын авторлору, билим берүүнүн сапатын баалоо жаатындагы адистер катышат.

«Семинардын спикерлери Орусия Билим берүү академиясынын билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы институтунун илимий кызматкерлери, ошондой эле эл аралык эксперттер болот. Жайкы мектептин илимий жетекчиси — Орусия Билим берүү академиясынын билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы институтунун билим берүүнүн сапатын баалоо Борборунун башчысы, педагогикалык илимдердин кандидаты Галина Ковалева», — деп билдирди ведомстводон.

Билим берүү министрлигинде жайкы мектеп жалпы билим берүү тармагындагы жетекчилердин топторун жана алдыңкы адистерди даярдоо үчүн уюштурулган, анткени Кыргызстанда алдыда боло турган PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышууга байланыштуу иштерди уюштуруу жана өткөрүү үчүн уюштурулган.

Бардык катышуучулар функционалдык сабаттуулуктун алты багыты боюнча окутуудан өтүшөт: окурмандык сабаттуулук, математикалык сабаттуулук, табигый илимий сабаттуулук, глобалдык компетенттүүлүк, финансылык сабаттуулук, чыгармачыл ой жүгүртүү.

10 күндүн ичинде эки атап менен 180 адам окутулат.

Эске салсак, окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа (Programme for International Student Assessment, PISA) — дүйнө жүзүндөгү ар кайсы өлкөлөрдөгү окуучулардын сабаттуулугун жана билимди практикада колдоно билүүсүн баалоочу тест. Бул үч жылда бир жолу болот.

Кыргызстан PISA-2006 жана PISA-2009-жылдары катышкан, бирок акыркы (57чи жана 65чи) орундарды ээледи. Андан кийин өлкө бул программага катышуудан баш тартты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM