Биз менен байланышыңыз

«Аманбанкка» убактылуу администрация режими киргизилди

Кыска кабар | 16 Июл 2022 | 237 | 0

Улуттук банк Кыргыз-орус “Аманбанк” коммерциялык банкына 15-июлдан тартып 6 айлык мөөнөткө убактылуу администрация атайын режимин киргизди. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланууда.

Русам Абдулдабеков банкка убактылуу администратор болуп дайындалды.

Улуттук банк эмне себептен улам мындай чечим кабал алынганын тактаган жок.

«РК»Аманбанк» ААК 17-Май, 1991-жылы түзүлгөн.

Убактылуу администрация – банктын ишин башкаруудагы атайын режим. Мындай чара банктын активдерин, документтерин жана маалыматтарын сакталышын камсыз кылуу максатында көзөмөл орнотуу үчүн киргизилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM