Биз менен байланышыңыз

«Айылдык окуучулардын «Алтын сертификат» алышы кыйын»

Коом | 14 Июл 2022 | 2892 | 0

Кечээ «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификат» тапшырды. Мамлекет башчы жаштарды мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Ошондой эле алардын билим алуусуна мугалимдердин кошкон салымын белгилеп, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине да ыраазычылык билдирди. Бул сыйлыкка жалпысынан 57 улан-кыз татыктуу болду. 

Кара-Суу районунун Момбеков атындагы орто мектебин аяктаган Алина Бактыбек кызы классташтарынан айырмаланып ЖРТдан 226 балл алган. «Алтын сертификатка» ээ болгон бүтүрүүчү элетте окуучулардын тестирлөөгө даярдануусу кыйын экенин айтат.

«Айыл жергесинде ЖРТга даярдануу бир топ эле оор. Бизде өзүбүздү текшерүү үчүн атайын тесттер жок. Ал эми шаарда, күчтүү билим берген мектептерде бүтүрүүчүлөр өз билимин сынап, ЖРТнын алдынала суроолоруна даярданып, тапшырып турушат. А биз бир эле жолу тапшырдык. Мектепте да көп даярдалбайт. Мен You Tobe аркылуу «Алтын сертификат» алган блогерлерди көрүп шыктанып, өз алдымча эле даярдана баштагам. Китептерди сатып алып, окугам. Ушундай мотивациялардан кийин «Алтын сертификатка» ээ болдум».

Жумгал районунун Т. Турсунбаева атындагы орто мектебин бүтүргөн Адилет Адылов ЖРТдан эң жогору балл алган окуучулардын катарын толуктайт. Ал мектепти үч жыл мурун бүтүрүп, ошол учурда 216 балл алган. Бирок «Алтын сертификат» алуу максатын көздөп, быйыл кайрадан тест тапшырган.

«Бизге окшогон орто мектепте окугандар ЖРТдан аз балл алышат. Мен өзүм 2019-жылы мектепти бүткөм. Жалпысынан 50дөн ашык алдынала тесттерден өттүм. Көп даярдандым. Айылдагы мектептерде ЖРТга даярдоо үчүн шарт жок. Мен бул боюнча Кыргызстандын бардык аймагын айланып көрүп чыктым. Борбордук Азиядагы Америка университетинде окугум келет. Азырынча ойлонуп жатам».

Бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификат» тапшыруу салтанатында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин белгилеп, билим берүү системасына комплекстүү чара көрүлөрүн айтты.

«Элдин эң негизги байлыгы – бул чыгармачыл, илимдүү, интеллекти жогору, коомго пайдалуу жаштарды тарбиялоо. «Билим алуу ийне менен кудук казгандай» дегендей, нагыз билимдин даңгыр жолуна эми түшкөнү турасыңар. Келечекте татыктуу кесиптин ээси болууга умтулуп, улуу максаттарды коюп, багытыңарды аныктап алдыңыздар деп ишенип турам. Себеби алысты көрө билген адам гана алдыдагы максаттарына терең билим алуу менен жетерин азыртан аңдап-билип, ага талпынат. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгындагы алган баллыңар силердин бул багыттагы аракетиңердин үзүрү болуп калды. Ага жараша мамлекет да мыкты бүтүрүүчүлөрдүн, жигердүү жаштардын чыгармачыл, илимий жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жатат».

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев окуучулардын 11 жыл алган билими бааланып жатканын белгилеп, быйыл ЖРТ ийгиликтүү өткөнүн айтты.

Мындан кийин жогорку окуу жайларга жана колледждерге кабыл алуу жылда эки жолу өткөрүлөт. Ошондой эле ЖРТ да эки жолу болот.

«Бул аземде 57 окуучу бар: 221 баллдан 235 баллга чейин алган бүтүрүүчүлөр катышып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында алгандар. Ушул балдардын 11 жылдык үзүрлүү эмгектерин баалоо ниетинде иш-чара өттү. Окуучулардын бул ийгилиги менен баарыбыз сыймыктанышыбыз керек. ЖРТ өткөн жылга караганда бир топ ийгиликтүү өттү. Министрлер кабинетинин жаңы бекиген токтомуна ылайык, эми жогорку окуу жайларга жана колледждерге кабыл алуу жылда эки жолу болот. Ошондой эле ЖРТ да эки жолу өтөт. «Алтын сертификат» алган окуучуларды куттуктайм, аларга ийгилик каалайм».

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында Бишкектин мектептеринен 35 бүтүрүүчү «Алтын сертифкат» алды. Калганы аймактан келген окуучулар. Ал эми Талас облусунда быйыл жогорку баллга ээ болгондор катталган жок.

Быйыл эң жогорку 235 упайды баш калаанын №70 мектеп-гимназиясынын окуучусу алды.

Өлкөдө жыл сайын 40 миңден ашык окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катышат. Анын жыйынтыгына карап жогорку окуу жайларга бюджеттик окууга кирүү мүмкүнчүлүгү болот.

«Алтын сертификат» ээлеринин саны 2020-жылы 53 болсо, 2021-жылы 58ге жетип, 2022-жылы 57 жеңүүчү аныкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM