Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Негизги байлыгыбыз — билимдүү жаштарды тарбиялоо

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 436 | 0

Элдин эң негизги байлыгы – бул чыгармачыл, илимдүү, интеллекти жогору, коомго пайдалуу жаштарды тарбиялоо экенин президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган орто мектеп жана лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшыруу учурунда айтты.

Ал Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин белгилеп, билим берүү системасына комплекстүү чара көрүлөрүн айтты.

«Билим алуу ийне менен кудук казгандай» дегендей, нагыз билимдин даңгыр жолуна эми түшкөнү турасыңар. Келечекте татыктуу кесиптин ээси болууга умтулуп, улуу максаттарды коюп, багытыңарды аныктап алдыңыздар деп ишенип турам. Себеби алысты көрө билген адам гана алдыдагы максаттарына терең билим алуу менен гана жетерин азыртан аңдап-билип, ага жетүүгө талпынат. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгындагы алган баллыңар силердин бул багыттагы аракетиңердин үзүрү болуп калды», — деди Жапаров.

Ага жараша мамлекет да мыкты бүтүрүүчүлөрдүн, жигердүү жаштардын чыгармачыл, илимий жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

«Алтын сертификат» ээлеринин саны 2020-жылы 53 болсо, 2021-жылы 58ге жетип, 2022-жылы 57 жеңүүчү аныкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM