Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда сууга агып кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 290 | 0

Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясына агып кеткен 10 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кечээ, 12-июлда ӨКМге Т.А. аттуу баланын Исфайрам дарыясына агып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган 8 куткаруучу издөө салып, кеч кирип кеткенине байланыштуу ишти токтотушкан.

Бүгүн, 13-июлда Кадамжай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 14, тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 14 куткаруучу, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнөн 18 кызматкер, 38 жергиликтүү тургун издеп чыгышкан.

Алар саат 15:00 чамасында Исфайрам дарыясынын Кереге-Таш айылы тушунан баланын сөөгүн табышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM