Биз менен байланышыңыз

«Манас» эпосунун «Көкөтөйдүн ашы» бөлүгү англис тилине которулду

Кыска кабар | 12 Июл 2022 | 488 | 0

«Манас» эпосунун «Көкөтөйдүн ашы» бөлүгү англис тилине которулду. Бул маалымат бүгүн, 12-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен АКШнын Майами университетинин профессору, тарыхчы Даниел Приордун жолугушуусунда айтылды.

Китептин бет ачары Улуттук тарых музейинде өткөрүлдү. Маалыматка караганда, улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосунун бул бөлүгү биринчи жолу түп нускадан түз которулуп, Лондондон Penguin Classics сериясында басылган.

«Манас» эпосунун алгачкы жолу кагазга түшүрүлгөн варианты «Көкөтөйдүн ашы» болуп эсептелет. Аны 1856-жылы Чокан Валиханов көлдүк манасчыдан жаздыртып алган. Араб арибинде жазылган 47 беттик бул вариант 3319 саптан турат.

Ал эми Сагымбай Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» эпосун Каюм Мифтаковдун демилгелеси менен Ыбырайым Абдрахманов жазып алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM