Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстандын президенти 26 министрди кызматтан алды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июл 2022 | 1289 | 0

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өкмөттүн курамын өзгөртүп, 26дан ашык министрди кызматтан алды.

Turkmen.news маалымат порталы жазгандай, кызматкерлерди кыскартуу 8-июлдагы Министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында расмий өкүлдөр өлкөнүн экономикасынын өсүшү тууралуу маалымат бергенден кийин болду.

Бердымухамедов себептерин түшүндүрбөй туруп, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Сапардурды Тойлыевди ишинен алган. Анын ордуна ага чейинки саламаттыкты сактоо министри Нурмухаммед Аманнепесов дайындалган. Саламаттыкты сактоо министри кызматына болсо, Аманнепесовдун орун басары Атагелди Германов келген.

Экономика жана каржы боюнча вице-премьер-министр Мухамметгулы Мухаммедов кызматынан бошотулуп, бош орунга Түркмөн мамлекеттик экономика жана башкаруу институтунун ректору Хожамырат Гелдимырадов бекитилген.

Мухамметгулы Мухаммедов вице-премьер-министрлик кызматка 25-мартта, Сердар Бердымухамедов ант бергенден бир нече күндөн кийин келген. Ал ага чейин өлкөнүн экономикалык, банктык жана эл аралык каржы институттарын жетектеген.

Президент ошондой эле Түркмөнстандын Австрия, Япония, Бельгия, Франция, Түркия, Азербайжан, Украина жана Түштүк Кореядагы элчилерин алмаштырды.

Мындан тышкары Түркмөнстандын облустарынын өкмөттүк кураторлору кайрадан дайындалып, жогорку окуу жайларында кадрдык алмашуулар болгон. Бул президент Сердар Бердымухамедов кызматка киришкенден берки эң чоң кадрдык алмашуу экени айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM