Биз менен байланышыңыз

Ош облусунун башчысы чемпион Абдырахмановго 100 миң сом тапшырды

Кыска кабар , Спорт | 10 Июл 2022 | 839 | 0

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Hardcore FC лигасынын чемпиону Самат Абдырахмановду кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысы Самат Абдырахмановду куттуктап, 100 миң сом тапшырып, спортчунун мындан ары да спорттогу карьерасына ийгилик каалады.

«Самат Hardcore FC лигасында чемпион болушу менен көпчүлүк жаштардын спортко болгон кызуугусу күчөдү. Албетте спортчуларыбыз эл аралык мелдештерде өлкөбүздүн желегин желбериткени биз үчүн сыймык. Мындан ары да ийгиликтерди багындырышына ишенем», — деди облус башчысы

Белгилей кетсек, бүгүн 10-июль күнү Самат Абдырахмановду Ош аэропортунан күтүп алуу аземи өттү.

Hardcore FC – бул Россиядагы эң ири промоушн, Анатолий Сулянов тарабынан 2020-жылы негизделген, көрүүчүлөрдүн саны, аудиторияны камтышы жана спортчулардын тизмеси боюнча дүйнөлүк алдыңкы 3 промоушндардын катарына кирет. Эки жылдын ичинде Hardcore FC лигасы 50дөн ашык турнир өткөргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM